Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды

Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды
Photo by Bermix Studio / Unsplash

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облусунун Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы туралуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. кармалды. Бул тууралуу ведомство билдирди.

Аталган Р.Э.И. Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда "жер мафиясынын" мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган. Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга  жер тилкелерин жалган тариздөө (кайра тариздөө) фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын  11-мартында  Р.Э.И. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул ишке  тиешеси бар  башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган иш-чаралар уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9