Матраимов менен Көлбаевди кабыл алгам – Садыр Жапаров

Матраимов менен Көлбаевди кабыл алгам – Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди кабыл алган тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Райым Матраимов эки жолу кабыл алынган.

«Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, КРнын мыйзамдары менен жашагыла» деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.
Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: «Эки млрд төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат», - деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан