Акылбек Жапаров өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

Акылбек Жапаров өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы «Дан» мамлекеттик ишканасына барды.

Ал өндүрүш цехтери, инвестициялык долбоорлор жана ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо пландары менен таанышты.

Алсак, толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу жана товардык продукциянын ассортиментин чыгаруу максатында ишкана тарабынан көп кабаттуу тегирмен комплексин сатып алуу, макарон азыктарын өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу жана мал азыгын өндүрө турган жабдууларды алуу боюнча 3 долбоор даярдалган.

Мындан тышкары, узак мөөнөттүү өнүгүү багытында заманбап нан заводун, кондитердик цехти, ичүүчү минералдык сууну куюучу цехти калыптандырууда, заманбап лабораториялык жабдууларды алуу бар.

Ишканада бош жана токтоп турган өндүрүштүк аянттарды калыбына келтирүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү. 10 миң тонна азык-түлүк буудайды кабыл алуучу тоют цехинин имараты калыбына келтирилди.  Цехти элеватор катары колдонуу пландалууда.

Бүгүнкү күндө ишканада 120дан ашык адам иштейт.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ишкананы модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берди.

Мындан тышкары, ал Кара-Балта тоо-кен комбинаты ачык акционердик коомуна жана «Кыргызалтын» ААКтын нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды.

Министрлер кабинетинин башчысы алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.  Курулуш иштерин ушул жайда бүтүрүү пландалууда.  Ошондой эле токтоп турган молибден чыгаруучу цехтин абалы менен таанышты.

Акылбек Жапаров Москва районундагы 100гө адам иштеген көп функционалдуу консерва заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ал ошондой эле Москва районундагы керамзит чыгаруучу заводдо болду.  Завод толук кандуу ишке киргенде 70 жумушчу орун түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин