Өкмөт ички базардагы күйүүчү-майлоочу майдын туруктуулугун көзөмөлдөйт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Маалыматты Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев МинКаб калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи.
Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын ички базардын керектөөлөрүнө шайкештиги боюнча маалымат берилди.
Отурумдун жыйынтыгында МинКаб жетекчиси баа түзүүгө көзөмөлдү күчөтүүгө жана стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.