Кыргызстан ЕАЭБдин бажы транзит системасын ратификациялады
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Макулдашуу ташуулардагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу, контролдоо иштерин минималдаштыруу жана ташуучулардын кошумча чыгымдарын кыскартуу максатын көздөйт.
Жаңы система төмөнкүлөрдү камсыздайт:
Бирдиктүү электрондук транзиттик декларацияны колдонуу;
Бажы алымдары жана салыктар боюнча бирдиктүү милдеттерди аткаруу;
Мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү тараптын экономикалык операторлоруна жеңилдетүүлөрдү берүү;
Ташылып жаткан товарларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу;
Бажы органдарынын чечимдерин жана контролду эл аралык келишимдерге ылайык өз ара таануу.
Бул ратификация Кыргызстанга бажы транзитинде заманбап, эффективдүү жана ыкчам жол-жоболорду киргизүүгө мүмкүндүк берет.