Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды
КРНын Президенти Садыр Жапаров АКШ Президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америкага иш сапары менен барды.
Садыр Жапаровду “Эндрюс” авиациялык базасынан АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Иш-чара "С5+1" диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.
Ошондой эле Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.
