Араван районунда 9 социалдык объект ишке берилди

Араван районунда 9 социалдык объект ишке берилди

Араван районунун 90 жылдык мааракесине карата билим берүү, спорт, медицина жана өндүрүш тармактарында 9 жаңы социалдык объект ачылды президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Ишканаларды ачуу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышып онлайн форматта бир убакта объекттерди пайдаланууга берүүгө старт берди.

Бул күнү ишке кирген объекттер:

1. Ачы айылынын Шор-Булак участкасында курулган соода-логистикалык борбору, жалпы кубаттуулугу 600 тоннаны түзөт. Долбоордун наркы 21 млн сом. Борбор айыл чарба продукцияларын сактоого ыңгайлашып, 40 адамды иш менен камсыздайт.

2. Жаңы-Араван айылында П.Абылкасымов атындагы орто мектебинин спорт залы. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 19,3 млн сом сарпталган.

3. Ачы айылында курулган 30 орундуу "Каражантак" бала бакчасынын жалпы сметалык баасы 12,7 млн сомду түзөт.

4. Ош – Араван – Чек-Абад унаа жолунун 10 чакырымы толук асфальтталып бүттү. Ал үчүн республикалык бюджеттен 72 млн сом каралган.

5. Араван РИИБдин жыйындар залы – 100 адамга ылайыкталган, баасы 3 млн сом.

6. С.Шарипов мектебинин кошумча окуу корпусу – 8 класска эсептелип, 200 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун жалпы суммасы 19,7 млн сом, анын ичинде элдин салымы 6 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 8 млн 992 миң, жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн.

7. Жер ресурстары кызматынын Араван филиалынын административдик имараты – курулушка 8 млн сом сарпталган.

8. Интернационал айылында фельдшердик акушердик пункт ачылды. ФАП 300дөн ашуун тургунга кызмат көрсөтөт.

9. Чек-Абад айыл аймагында мозаика өндүрүү цехи ачылды. Саатына 200 кг чийки зат иштетип, күнүгө 300 чарчы метрге чейин мозаика өндүрөт. Цехте 25 жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен