Кыргызстан БАЭК аркылуу аймактык байланышты чыңдоого умтулат

Кыргызстан БАЭК аркылуу аймактык байланышты чыңдоого умтулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) 24-министрлик конференциясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев БАЭК аймактык байланыштарды чыңдоонун, сооданы жана инвестицияларды стимулдаштыруунун, өсүштү тездетүүнүн жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөнүн натыйжалуу куралы экенин белгиледи. Ал аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, транспорттук коридорлорду модернизациялоого жана жаңы темир жолдорду курууга Кыргызстандын кызыкдар экенин айтты.

Мындан тышкары, БАЭК өлкөлөрүнүн бизнеси жана мамлекеттик органдарынын "бирдиктүү терезе" улуттук маалыматтык системаларын киргизүү аркылуу тышкы соодадагы документтерди жана уруксаттарды жөнөкөйлөтүү, чек ара пункттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу маанилүү экенин кошумчалады. Адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн эмгек рыногунун улуттук маалыматтык системаларын интеграциялоо да артыкчылык катары белгиленди.

Иш-чаранын алкагында бир катар документтерге кол коюлду жана Кыргызстан БАЭКтин өз ара пайдалуу демилгелерин ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Айрыкча өнөр жай тармагында жогорку көрсөткүчтөр катталды. Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, эки ай ичинде өнөр жай ишканалары 147,8 млрд сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпи 15,5%ды түздү. Ал эми "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өсүш 29%