Д.Орунбеков: "Россия банктарына акча которуу – кадимки эле акча, товар жүгүртүү"

Д.Орунбеков: "Россия банктарына акча которуу – кадимки эле акча, товар жүгүртүү"

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Британ агенттиги "Керемет банкты" сатып алганы боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, Батыш – Кыргызстандын эки банкына “силер Россиянын Сбербанкы менен кызматташып, алардын акчаларын "адалдап" берип жатасыңар" деген жалаа менен санкция киргизген.

“Бүгүнкү күндө Россияда 1 миллионго жакын мигранттар, мекендештерибиз иштеп жүрөт. Алар күн сайын Кыргызстандагы туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банктар аркылуу жөнөтүшөт. Ал акчалар Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рублдар болсо кайра эле Россияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт”,-дейт ал. 

Тагыраагы,  Кыргызстан ошол акчаларга кайра эле Россиядан нефть, газ, металл, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алгандыктан ал жактан  келген акча каражаттары экономикалык айланма аркылуу кайра Россияга кетет. 

 “Бул кадимки эле товар, акча жүгүртүү. Бул агымдар Кыргызстандын экономикасы үчүн нормалдуу жана зарыл процесс.

Ошондуктан, банктарды "Силер Россиянын банктары менен кызматташып жатасыңар" деп айыптоо Кыргызстандын өнүгүп келе жаткан экономикасына бут тосуу, жамандык жасоо аракети деп айтса болот.

Россиянын банктары менен кызматташпай коюу биздин өлкөнүн каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн", - деген ал.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү