Россия ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Россия ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Бишкектеги ЖККУ саммитин жыйынтыктап жатып Россия президенти Владимир Путин уюмдун жамааттык күчтөрүн  масштабдуу заманбап россиялык куралдар жана техникалар менен камсыздоо программасын ишке киргизүү сунушун киргизди. 

Россия лидери, сөз ЖККУ күчтөрүнө “реалдуу аскердик аракеттерде эффективдүүлүгүн далилдей турган” куралдардын үлгүсү жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгиледи. Буга улай ал Москванын уюмга катышуучу өлкөлөрдүн биргелешкен аскердик окууларын кеңейтүүгө жана алардын аскердик бөлүмдөрү менен атайын кызматтарынын даярдыгын күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.  

Ошондой эле В.Путин Россия биокоопсуздук, санитардык-эпидемиологиялык системаларды бекемдөө жана кооптуу инфекцияларга бирдиктүү чара көрүү боюнча иштерди улантарын ортого салды.  

Саммитте экстремизмге каршы аракет кылууга, жаңы антитеррористтик стратегияга даярдыкка жана маалыматтык аянтты коргоого өзүнчө акцент жасалды. Россия тарап наркотрафикке каршы күрөштү активдештирип, “Канал” операциясын кеңейтип жана ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү ниет кылып жатканы да айтылды.



 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр