"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке киргизүү салык жыйымдарынын көлөмүн 1,08 млрд сомго чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы белгилегендей, бул жыйынтык өлкөдөгү  "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларында жүргүзүлгөн санариптештирүүнүн натыйжалуулугун көрсөтөт. Бул базарларда өзгөчө салык режими жана ишкерлерди каттоо системасы киргизилип, натыйжада бюджетке түшкөн каражаттар 64%дан ашыкка өскөн.

Мирлан Рахманов санариптик трансформация экономиканын көмүскө секторун азайтууга жардам берип жатканын да белгиледи. Салыштырма талдоо көрсөткөндөй, 2024-жылы салык төлөмдөрү 2022-жылга салыштырмалуу 62,2%га өскөн.

Мамлекеттик салык кызматында ошондой эле "ЭСФ" (электрондук эсеп-фактура), "КНС" (кошумча нарк салыгы), "ККМ" (кассалык-контролдук машиналар) жана "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" сыяктуу башка электрондук инструменттердин ролу да белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күйүүчү майды субсидиялоонунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү

Күнүнө 3 млрд сомдун тегерегинде салык чогултулууда

2 мэр жана 3 аким кызматынан алынды

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда