Жаратылыш ресурстары министрлиги 525 гектар аңчылык жерине конкурс жарыялады

Жаратылыш ресурстары министрлиги 525 гектар аңчылык жерине конкурс жарыялады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Талас жана Ош облустарындагы 3 аңчылык жеринде аңчылык ишин жүргүзүүгө конкурс жарыялаганын жана документтер Бишкек шаарында 2025-жылдын 2-декабрынан 31-декабрына чейин кабыл алынарын “economist.kg” сайты жазды. 

Жарыяда көрсөтүлгөн аңчылык участоктору төмөнкүлөр:

  • Талас облусунун Талас районундагы 205 956 гектар аянтты ээлеген №2 участок;
  • Талас облусунун Айтматов районундагы 218 009 гектар аянтты ээлеген №3 участок;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 101 812 гектар аянттагы №2 участок.

Конкурска төмөндөгүдөй юридикалык жактар катыша алышат:

  • аңчылык жана аңчылык чарбасынын түрлөрү боюнча түзүүчүлүк документтерине ээ;
  • башкаруучулары “А” же “Б” категориядагы мамлекеттик аңчылык күбөлүгүнө ээ болгон жактар.

Конкурстук документтер пакетин Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 2 дарегинин 1-кабатында,№146 кабинетте кабыл алынып жатат. Байланыш телефону: +996 (559) 30-11-20. 

Документтер жана арыздар ошол эле дарекке 2-декабрдан 31-декабрга чейин кабыл алынат.

Конкурс Талас жана Ош облустарындагы участоктор боюнча 2026-жылдын 21-январында болот. Жыйын Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 2 дарегинин, 1-кабатында, №145 конференц-залында өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.

Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берип, керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда эттин баасын турукташтырууга жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалып жатканын радио эфиринде   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз

Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты. 1200 окуучуга ылайыкташкан мектепте үч кабаттуу