Н.Орунтаев: "Министрликтин кызматтарындагы 3 миңге жакын кызматкер бюджеттен маяна албай иштейт..."

Н.Орунтаев: "Министрликтин кызматтарындагы 3 миңге жакын кызматкер бюджеттен маяна албай иштейт..."

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде министрликтеги ишке ашырылган жаңы реформалар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, республиканын аймагында министрликке караштуу кызматтардын 3 миңге жакын кызматкер мамлекеттик бюджеттен маяна албай, өзүн-өзү камсыздоо механизими боюнча иштеп жатат.

"Учурда министрликтин бир департаменти гана мамлекеттен маяна алып жатат. Бирок, кийинки жылдын январь айынан тарта министрликтеги бардык кызматкерлер ушул тартипке толук өтөт. Бул механизм айлык маяналарды көтөрүүгө жана коррупциялык элементтерди жоюуга жол ачат. Система эффективдүү иштеп жатат жана мындан ары да өнүктүрүлөт", -дейт ал.

Мындан сырткары, лицензия берүү жана сертификациялоо жаатында да олуттуу жылыштар болду. Эгер 2023-жылы бул багыттагы мамлекеттик төлөмдөр 450 миң сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 270 млн сомго жетери күтүлүүдө”,-деп белгиледи министр.

Муну менен катар ал министрликтин кызмат көрсөтүү тармагында дагы олуттуу өзгөрүүлөр болгонун кошумчалады.

“Эгер мурда бул багытта болжол менен 1 млрд сом чогултулса, азыр бул сумма 2,5 млрд сомго жетти. Жыйналган каражаттын эсебинен министрликтин техникалык базасы жаңыртылды, кызматкерлердин айлык маянасы жогорулады жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты да кыйла жакшырды. Ошондой эле Корутундуларды чыгаруу департаментинде бир катар өзгөртүүлөр ишке ашты. Буга чейин бардык иштер кагаз жүзүндө жүргүзүлүп келген болсо, учурда толугу менен санарип форматка өткөрүлдү. Мындан тышкары да көптөгөн маанилүү реформалар ишке ашырылды”,-деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы