Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган автоунаа тетиктерин табышкан.

Тетиктерди кесип көргөндө, алардын ичинен алтын куймалары чыккан. Алынган металлдын жалпы салмагы 7 килограмм 784 граммды түзгөн. Алдын ала баалоо боюнча жүктүн базар баасы 12 миллиард 466 миллион сумдан ашат (болжол менен 91 миллион сом).

Тергөө иштеринин жүрүшүндө алтындын бул партиясы Ташкенттен жөнөтүлгөнү аныкталган. Контрабандачылар аны жүк ташуучу унаалардын айдоочулары аркылуу Кыргызстандагы алуучуга жеткирүүнү пландашкан.

Кармалган жаранга карата Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренеси ("Бажы мыйзамдарын бузуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы