Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты.

Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.

Анын жүрүшүндө Президент бүгүнкү саммит Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулууну билдирерин белгиледи.

"Бул диалог түзүлгөндөн бери Борбор Азия экономиканын бардык тармактарында туруктуу экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү көрсөткөн өзүн-өзү камсыз кылган аймакка айланды. Оң динамиканын шартында биздин өз ара аракеттенүүбүздүн натыйжалуу жана узак мөөнөттүү форматтарын түзүү өзгөчө мааниге ээ болууда”, - деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстан “жашыл” экономикага, кайра жаралуучу энергетиканы жана таза технологияларды өнүктүрүүгө умтуларын белгилеп, «Камбар-Ата – 1» ГЭСин негизги стратегиялык долбоор катары атады. Ошондой эле япондордун “жашыл”технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров Кыргызстан Япония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы япон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT-кадрларын даярдоо үчүн аянтча болоорун белгиледи.

Президент өз сөзүндө Япония менен кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири адам ресурстарын өнүктүрүү экенин да белгилеп, JDS программасынын жыйынтыктарын жогору баалады. Анын бүтүрүүчүлөрү көп жылдар бою өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келишкенин ырастап, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Кыргызстан жыл бою туристтик сезонду түзүү максатында туристтик инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүп жатканын баса белгилеп, "Ала-Тоо Резорт" ири тоо лыжа базасынын долбоору ишке ашырылып жатканын айтып, Япониялык өнөктөштөрдү анын өнүктүрүүгө катышууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов,

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Ведомстводон маалымдагандай, аталган көп функционалдуу шаар комплекси Бишкектин Термечиков көчөсү, 16 дарегинде курулууда. Долбоор 2025-жылдын жазында башталып, заманбап архитектуралык жана