Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого багытталат.

Белгиленгендей, бул иш-чара буга чейинки кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Эске салсак, 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларус бизнес-форуму Минск шаарында өткөн.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн байланышы күчөп, соода жүгүртүү көлөмү да өсүүдө. Тактап айтканда, 2023-жылы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү 117,7 млн долларды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 206,8 млн долларга жетип, дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Ошондой эле Кыргызстандын экспорту 30 % ашык өсүп, 33 млн доллардан 44,6 млн долларга жеткен.

Алдыдагы форум эки тараптуу экономикалык кызматташууну дагы да тереңдетүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, чек ара тилкесинде жалпы 327,5 чакырым аралыкка тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынган. Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында

Ишкер Media
Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 %га өскөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети 9491 сомду түзгөн. Ошондой эле тогуз

Ишкер Media
Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Египет кыргыз жарандары үчүн жаңы кирүү талаптарын жарыялады. Ал 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөртүүлөр Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан жарандарына тиешелүү. Маалыматка ылайык, алдыда саякатты пландап жаткан кыргызстандыктар Астанадагы Египет элчилигинен же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык миссиядан алдын ала кирүү

Ишкер Media
Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өттү. Ага министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын башчылары катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. Күн тартибинде ички иштер органдарынын

Ишкер Media