А.Касымалиев: ИДП 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө

А.Касымалиев: ИДП 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп, инвестициялык активдүүлүк жана финансылык туруктуулук чыңдалып жатат. 2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түзгөн жана 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында 2024-жылга карата Министрлер Кабинетинин отчетун карап, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана 2026-жылга республикалык бюджетти, 2027-2028-жылдарга болжолдорду талкуулады.

“2024-жылы негизги капиталга инвестиция 283,2 млрд сомго жетип, 18,1%га өстү”, — деп белгиледи ал.

МинКаб Төрагасы кошумчалагандай, акча-кредит саясаты улуттук валюта сомунун туруктуулугун сактоого багытталган. “Тышкы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык