А.Касымалиев: Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 трлн 93 млрд сомду түздү

А.Касымалиев: Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 трлн 93 млрд сомду түздү

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети тарыхый чекке жетип, 2025-жылы 1 триллион 93 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Касымалиевтин айтымында, триллион сомдук бюджет эки жыл мурдагы ырааттуу экономикалык жана фискалдык саясаттын натыйжасы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 2025-жылы бюджеттин стратегиялык бөлүгү Элдик банкты жана энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна, Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууга жана Мамлекеттик ипотекалык компанияны колдоого багытталат.

Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык көбөйүп, 10 миллиарддан 51,7 миллиард сомго жетти.

Бул көрсөткүч өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруудагы экономикалык туруктуулукту айгинелейт.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А. Суюмбаев атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери боюнча видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде 6-февралда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы объектте текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда трибуналардагы негизги темир-бетон конструкцияларында конструктивдик бузулуулар жана кооптуу

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү