Кыргызстан 2026-жылга туруктуу жана профициттүү бюджет менен кирет

Кыргызстан 2026-жылга туруктуу жана профициттүү бюджет менен кирет

Кыргызстандын 2026-жылга карата консолидацияланган бюджети профицитке ээ болуп, 843,6 млрд сом өлчөмүндө пландалды. Бюджеттик кирешелерди 1 трлн сомдон кем эмес деңгээлде чогултуу максаты коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027–2028-жылдарга болжолдор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2026-жылдын бюджети туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Консолидацияланган бюджет 843,6 миллиард сом өлчөмүндө пландалып, кирешелерди 1 триллион сомдон кем эмес көлөмдө чогултуу максаты коюлган.

Социалдык тармак бюджеттин негизги артыкчылыгы бойдон калууда. Бул багытка 230,9 миллиард сом бөлүнүп, каражаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо системаларын өнүктүрүүгө жумшалат.

Адылбек Касымалиев ошондой эле өлкө алдыдагы беш жылда ири жана масштабдуу өзгөрүүлөргө күбө болорун белгиледи. Мамлекет 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантат.

Алардын катарында өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук коопсуздугун камсыз кылган Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу бар.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички