МинКаб улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин жаңыртты

МинКаб улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин жаңыртты

Министрлер Кабинети 2025-жылдын 11-декабрындагы №799 токтомду кабыл алып, улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тармагындагы бир катар чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди.Мамлекеттик тилдеги документтерде "кепилдик" деген термин "кепилчилик" деп алмаштырылды.

Кепилчилик Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарга - резиденттерге МинКабдын чечими жана Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин макулдашуусу аркылуу, кредит, лизинг же банктык кепилчилик боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн берилет.

Кепилчилик инвестор долбоорду каржылоого долбоордун жалпы наркынын кеминде 30%ы өлчөмүндө (документтик ырастоо менен) катышкан учурларды эске албаганда, инвестициялык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерге кепилчилик берилбейт.

Ошондой эле кепилчилик боюнча арыз берүүчүгө коюлуучу талаптар да аныкталды, анын ичинде:

  • мөөнөтү өтүп кеткен салык боюнча карызынын жоктугу;
  • долбоорго өз салымынын кеминде 30%ды түзүшү (айрым учурларда өзгөчөлүктөр каралган);
  • экономиканын, азык-түлүк коопсуздугунун жана улуттук коопсуздуктун өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ болушу.

Кепилчилик берүү үчүн бир жолку комиссия киргизилди:

  • милдеттенменин суммасы 1 млрд сомдон жогору болсо — 1%;
  • милдеттенменин суммасы 1 млрд сомго чейин болсо — 2%.

Мамлекеттик үлүшү 50% жана андан жогору болгон стратегиялык маанидеги субъекттер үчүн комиссияны төлөөнү кийинкиге калтыруу каралган (келишим мөөнөтүнүн жарымына чейин, бирок 36 айдан ашпаган мөөнөткө).

Кепил берүүчүнүн кызыкчылыктарын коргоо механизмдерине:

  • талашсыз (акцептсиз) эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү,
  • активдерди кабыл алуу,
  • финансылык контролер дайындоо жана башка чаралар кирет.

Өзүнчө бөлүм — региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен берилүүчү кепилчилик.

Мындай кепилчилик төмөнкү шарттарда берилет:

  • долбоордун наркынын 50%ынан ашпаган өлчөмдө;
  • наркы 30 млн сомдон 250 млн сомго чейинки долбоорлор боюнча;
  • Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, региондордогу субъекттер үчүн;
  • субсидиардык жоопкерчилик формасында.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички