Өкмөт 2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасын сунуштады

Өкмөт 2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасын сунуштады

Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылга карата бюджеттин негизги параметрлери жана бюджеттик сектордогу эмгек акынын масштабдуу түрдө жогорулатуу планы менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо, маданият, спорт кызматкерлеринин жана техникалык персоналдын эмгек акысы 50%дан кем эмес көтөрүлөт. 1-сентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр 50%га чейин көбөйтүлөт.

Ошондой эле Министрлер Кабинети Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын сунуштап, максаттар катары:

  • жан башына ИДП – 4 500 доллар,
  • ИДПнын жалпы көлөмү – 30 млрд доллардан ашык,
  • экономиканын орточо жылдык өсүү темпи – 8%,
  • туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү белгиленди.

Пленардык жыйындын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга бюджеттин аткарылышы, 2025-жылга бюджетке өзгөртүүлөр жана 2026–2028-жылдарга пландалган бюджет долбоорлору кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички