2025-жылы 715,6 млн доллар инвестиция менен 119 ишкана ишке киргизилди

2025-жылы 715,6 млн доллар инвестиция менен 119 ишкана ишке киргизилди

Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн реалдуу секторундагы негизги жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2024-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү 395 миллиард сомду түзүп, өсүү 106,2% болгон. Ал эми 2025-жылдын 11 айында айыл чарба өндүрүшү 437,4 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү 102%ды түздү. Социалдык маанидеги 9 азык-түлүктүн ичинен калк 6 позиция боюнча толук камсыздалды. Алар: сүт, картошка, жашылча, эт, жумуртка жана кант.

Ирригация тармагына 2024-жылы 1 миллиард сом бөлүнсө, 2025-жылдын 11 айында бул сумма 1,7 миллиард сомду түзгөн. Учурда СЖБ жана ДЖБ алкагында 10 объектте курулуш жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, дагы 24 объектте долбоорлоо иштери аткарылууда. 2026-жылга чейин 45 айыл жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда.

2024-жылы жалпы энергия өндүрүү 117,8 МВтга чейин көбөйгөн. Жалпы кубаттуулугу 48,8 МВт болгон 8 кичи ГЭС ишке берилсе, 2025-жылы 49 МВт кубаттуулуктагы 9 кичи ГЭС пайдаланууга берилди. Токтогул ГЭСинде модернизация иштери жүргүзүлүп, Таш-Көмүр ГЭСиндеги гидроагрегаттар жаңыланууда. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо алганда, жаңы энергетикалык объекттердин курулушу уланууда. 2026-жылы 17, 2027-жылы 19 жаңы кичи ГЭС куруу пландалган.

Мындан тышкары, энергетикалык компаниялар өз каражаттарынын эсебинен техника сатып алышты: 2024-жылы 129 даана, 2025-жылы 141 даана.

Өнөр жай тармагына токтолгон Министрлер Кабинетинин башчысы 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,9 миллиард сомду түзүп, өсүү 10,2% болгонун билдирди. Жыл сайын 100дөн ашык өнөр жай ишканасы ачылууда.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылы 796,8 миллион доллар инвестиция тартылып, 8 315 жумуш орду менен 102 ишкана ишке кирсе, 2025-жылы 715,6 миллион доллар инвестиция менен 8 451 жумуш орду түзүлүп, 119 ишкана ачылган.

Ири тоо-кен ишканаларынын ичинен "Кумтөр" 2025-жылдын 10 айында 421,8 млн доллар таза киреше тапса, "Кыргызалтын" 2025-жылдын 9 айында 17,5 млрд сомдон ашык киреше тапты. Аффинаж заводунун модернизациясы аяктап, продукция дүйнөлүк стандарттарга жооп берери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "