Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "Тянь-Шань форель" компаниясы өндүргөн тоют жергиликтүү чийки заттан даярдалып, синтетикалык кошулмалар кошулбаганы белгиленди. Айрым көрсөткүчтөр боюнча жогорку натыйжа көрсөтүп жатканы айтылды.

Министр ишкерлер менен жолугушуп, кыргыз форелин брендге айлантуу, экспортту кеңейтүү жана тармакты өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле бааларды туруктуу кармоо, импортко көз карандылыкты азайтуу жана өндүрүштү локалдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда ишкерлер жер салыгын жеңилдетүү, экспорттогу тоскоолдуктарды жоюу жана лабораториялык базаны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Министр тиешелүү органдарга сунуштарды карап чыгуу тапшырмасын берди.

Иш-чара ачык диалог форматында өттү.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы келерки жылы Нарын облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында "Тарых изи: жаралуудан келечекке" аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көрсөтүүдө

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын