6 балбанга мамлекет тарабынан бетирлер белекке берилди

6 балбанга мамлекет тарабынан бетирлер белекке берилди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Жаштык" аренада өтүп жаткан күрөш боюнча өлкө чемпионатына барып, 6 балбанга батирлердин ачкычын тапшырганын атайын кызматтан билдиришти.

Анда Ташиев чемпионаттын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалады.  Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин, дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди.

  • Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир;
  • Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир;
  • Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы