Президент шайлоого катышуу боюнча жалган айткандарды ачыкка чыгарарын билдирди

Президент шайлоого катышуу боюнча жалган айткандарды ачыкка чыгарарын билдирди

Президент Садыр Жапаров Курултайда парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусунун аз болгондугун өкүнүү менен билдирди.

"Биз дистанциялык добуш берүүнү киргиздик. Мисалы, сиз Ош шаарында болсоңуз — базарда, соода борборлорунда шайлоо тилкелерин ачтык: кирип, 5 мүнөттө эле добуш берсеңиз болот. Москвада, Чикагодо, ал тургай Африкада болсоңуз да добуш берсеңиз болот. Мен шайлоочулардын катышуусу 70% болот деп үмүттөнгөм. Бирок катышуу болгону 37% болду, мурдагыга караганда болгону 200 миң адамга гана көбөйдү", — деди президент.

«Биз өзүбүз пассивдүү элбиз, бирок депутаттарды катуу сындап, ар кандай сөздөрдү айтабыз. Бир нерсе болсо эле депутаттарды сындай баштайсыңар, мен муну көрүп турам. Добушун саткандар шайлоого активдүү катышат. Ал эми добушун сатпагандар пассивдүү болуп, шайлоого барбай коюшат. Элестеткиле, шайлоого 37% гана катышты, калган 63% шайлоого келген жок. Ошондуктан мурда Жогорку Кеңеш шайлоосуна милдеттүү катышууну киргизген мыйзам кабыл алышыбыз мүмкүн экенин айткам", — деди Садыр Жапаров.

Андан соң президент Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, элдин шайлоого катышуусун жогорулатуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну же жоопкерчиликти күчөтүү максатында айып пул салууну, же Сингапурдагыдай — эгер азыркы шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышууга тыюу салуу сыяктуу чараларды кароону сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы