Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Нуралиев Марат Абдыкеримович Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, буга чейин Марат Нуралиев КРнын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысынын орун басары болуп иштеген. 2012-жылы ал КРнын Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министринин орун басары кызматын ээлеген.