А.Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелердин иши менен таанышты

А.Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелердин иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна иш сапары менен барып, бир катар социалдык стационардык мекемелерди кыдырды. Сапардын жүрүшүндө ал мекемелердин шарттары, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана тургундардын социалдык абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач МинКаб Төрагасы Жайыл районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болуп, анда жашаган аялдарга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Учурда мекемеде 246 аял жашап, аларга медициналык, реабилитациялык жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Мекемеде кол өнөрчүлүк, дарылоо жана социалдык адаптация багытындагы бөлмөлөр иш алып барат.

Андан соң Адылбек Касымалиев Беловодск шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды. Бул жерде учурда 221 бала тарбияланып, медициналык жана калыбына келтирүүчү жардам алышат. Мекеменин материалдык-техникалык базасы этап-этабы менен жаңыланууда.

Иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Беловодск атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Мектепте 160 бала билим алып, алардын социалдык адаптациясына жана кесипке багыт алуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Социалдык объектилерди кыдыруу учурунда Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралардан баш тартып, бул каражаттарды калктын социалдык аялуу катмарына багыттоого чакырды. Анын айтымында, мындай кадам коомдо социалдык тилектештикти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы социалдык мекемелердеги балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, аларга чың ден соолук, бакыт жана жаркын келечек каалады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы