А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Н.Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан реконструкцияланган заманбап кеңсе борборуна барды. Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чан Ань Туан бизнес-борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана борбор калаанын бизнес потенциалын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.

Андан соң Адылбек Касымалиев Бишкек шаардык мэриясынын “Бишкексельмаш” отканасынын реконструкциясынын биринчи этабынын жыйынтыгы менен таанышты. Шаар мэри Айбек Жунушалиев объект заманбап жабдуулар менен жаңыртылып, жылуулуктун натыйжалуулугу жана ишенимдүүлүгү кыйла жогорулаганын белгиледи.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы “Rox Group” компаниясы ишке ашырып жаткан “Royal Central Park” ири инвестициялык долбоорунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоор турак жай жана көп функционалдуу комплекс катары иштелип чыккан.

Иш сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев ири курулуштарды жүргүзүүдө сапат жана экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, инвестициялык долбоорлорду ыкчам колдоо боюнча тиешелүү мамлекеттик жана шаардык органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш