Таласта ири коррупцияга шектелип, аким баштаган бир катар жетекчилер кармалды

Таласта ири коррупцияга шектелип, аким баштаган бир катар жетекчилер кармалды

Талас облусунда бир катар кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун акими А.Б.М., Токой кызматынын Талас токой чарбасынын директору А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактылары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2022-2023-жылдары Талас шаарынын кире беришиндеги мамлекеттик токой фондуна таандык жер тилкелери эс алуу жайларын куруу үчүн мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү белгилүү болгон. Аталган жерлер 4 жаранга экспертизасыз, каттоосуз жана токой чыгымдары төлөнбөстөн берилген. Натыйжада мамлекетке 23 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2024-жылы Бакай-Ата районунун акими мурдагы депутат жана айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүп, 475 теректи мыйзамсыз кыюуга уруксат берген. Анын кесепетинен мамлекетке 5,3 млн сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, А.Б.М. жана А.Н.Ж. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы