2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

Кыргыз Республикасынын ИДП өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдагандай, иш чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 2025-жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) 11%дан ашты. Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана өнүгүүнүн туура багытта кетип жаткандыгын көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түздү, башкача айтканда, дээрлик 2 трлн сомго жетти жана жылдын аягына карата такталган эсептөөлөр боюнча 2 трлн сомдон ашат деп күтүлүүдө”, - деди ал.

Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 21 млрд сомду түзүп, үч жылдын ичинде ИДПнын көлөмү эки эсеге өскөндүгү айтылды. 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 %ды түздү. Адылбек Касымалиев белгилегендей, экономиканын өсүшүнө экономиканын бардык тармактары салым кошту:

·       курулуш сектору 21,1 %га,

·       тейлөө сектору – 10,9 %га,

·       айыл чарбасы — 2,2 %га өстү,

·       өнөр жайда өсүү 10,7 %ды түздү,  

·       тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 30,1%,

·       курулуш материалдарын өндүрүүдө – 35,7%,

·       химиялык продукцияны өндүрүүдө – 19,8%,

·       кен казып алууда – 14,2% катталды. Бул абдан позитивдүү тенденция болуп саналат.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4%га көбөйүп, 374,6 млрд сомду түздү, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды жана 2024-жылга салыштырмалуу 100 млрд сомго көп. Негизги капиталга салынган инвестициялардын 24% же 90,3 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7%га көп”, – деди МинКаб башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы