Жергиликтүү сотторго 5 судья дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна бир катар судьялар биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматына билдиришти.
Дайындоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушуна ылайык ишке ашырылды.
Жергиликтүү соттордун судьялары болуп төмөнкү талапкерлер дайындалды:
- Акылбекова Айжамал Акылбековна;
- Джамбурчиева Каныкей Аширбековна;
- Маданбекова Лира Орумбековна;
- Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;
- Сарыбаев Самарбек Назарбекович.
Аталган Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.