JICA агенттигинин колдоосу менен Кыргызстанда 43 долбоор ишке ашырылган

JICA агенттигинин колдоосу менен Кыргызстанда 43 долбоор ишке ашырылган

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтык түзүлгөндөн бери JICA агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор талкууланды. Анын алкагында өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бир катар узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылганы белгиленди.

Ийгиликтүү кызматташуунун жаркын мисалы катары “Бир айыл – бир продукт” долбоору жана Япония Өкмөтүнүн стипендия программасы (JDS) көрсөтүлдү. Бул демилгелер аймактарды өнүктүрүүгө жана адам ресурстарын даярдоого олуттуу салым кошуп келет.

Мындан тышкары тараптар транспорт, саламаттыкты сактоо, энергетика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тармактарында гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин жардамы менен Кыргызстанда жалпысынан 43 долбоор ишке ашырылган. Быйыл JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына 25 жыл толууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер