Мыйзамсыз 1 тоннадай КММ кармалды

Мыйзамсыз 1 тоннадай КММ кармалды

Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз сатууга каршы кезектеги рейд өткөрүлдү. Текшерүүлөр Профсоюзная көчөсүндө, Махатма Ганди көчөсүндө жана айланма жолдо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясы билдирди.

Рейдге акимияттын, Салык кызматынын, муниципалдык инспекциянын, патрулдук кызматтын жана МАБ өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:
  • Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө административдик протокол түзүлдү;
  • Биринчи Май району боюнча МСК башкармалыгы 105 миң сомго 3 протокол толтурду;
  • келип чыгышы белгисиз 960 литр күйүүчү май алынып, айып короого жеткирилди.

Мэрияда белгилешкендей, сертификатталбаган КММ кооптуу болуп саналат: мындай күйүүчү майды колдонуу унаалардын бузулушуна алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Шаар тургундарына күйүүчү майды мыйзамсыз сатылган жерлерден сатып албоо жана гана сертификатталган май куюучу жайларды колдонуу сунушталды. Мыйзамсыз сооданы аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Э. Байсалов: 12 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү үчүн кошумча 70 млрд сом керек

Э. Байсалов: 12 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү үчүн кошумча 70 млрд сом керек

"Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамдардын аткарылышы талкууланган учурда МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов бул багыттагы бардык демилгелер караларын билдирди. "12 жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө боюнча сиздердин долбооруңуздарды көрдүк. Бул сунуштардын баары каралат. Бюджет сиздердин колуңуздарда. Балким, салыктарды

BAKAI бул кышта көптөгөн пайдалуу нерселерди тартуулайт: Кыргызстандын тоо-лыжа курортторуна жогорулатылган кешбэк

BAKAI бул кышта көптөгөн пайдалуу нерселерди тартуулайт: Кыргызстандын тоо-лыжа курортторуна жогорулатылган кешбэк

BAKAI февраль айына карата тоо-лыжа базаларында эс алууга жана кышкы эс алуу жабдыктарына жогорулатылган кешбэк акциясын ишке киргизет. 2026-жылдын 1-февралынан 28-февралга чейин BAKAI’дын Visa жана ЭЛКАРТ+ карталарынын ээлери Кыргызстандын тоо-лыжа базаларында жүргүзүлгөн накталай эмес төлөмдөр үчүн 5% кешбэк алышат. Эми тоодогу активдүү эс алуу мындан да пайдалуураак болот. 5%

Эсептөө палатасы Транспорт министрлигиндеги 2 млрд 251 млн сомдук финансылык мыйзам бузууну аныктады

Эсептөө палатасы Транспорт министрлигиндеги 2 млрд 251 млн сомдук финансылык мыйзам бузууну аныктады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 2024-жыл ичинде жалпы суммасы 2 млрд 251 млн сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар аныкталганын Эсептөө палатасы билдирди. Аудиттин жыйынтыктары активдерди эсепке алуу, чыгымдарды көзөмөлдөө жана курулуш долбоорлорун ишке ашыруу тармагында системалуу көйгөйлөр бар экенин көрсөттү. Аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 2 млрд 80 млн сом калыбына келтирүүгө

JICA агенттигинин колдоосу менен Кыргызстанда 43 долбоор ишке ашырылган

JICA агенттигинин колдоосу менен Кыргызстанда 43 долбоор ишке ашырылган

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтык түзүлгөндөн бери JICA агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор талкууланды. Анын алкагында өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бир катар узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылганы белгиленди.