Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке ашыруу, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор, инвестиция тартуу, санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл экономиканын реалдуу секторуна — курулуш, өнөр жай, тейлөө тармагы жана айыл чарбасына бурулду.

Бакыт Төрөбаев Садыр Жапаровдун беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолуп, өлкөнүн консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 триллион сомдон ашканын белгиледи. Бул 2020-жылга салыштырмалуу олуттуу өсүш экенин айтты.

Коллегиянын жыйынтыгында облустук администрацияга жана тиешелүү министрликтерге инфраструктураны өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду тездетүү, жумуш орундарын түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу

Бир жылда 90 актоо өкүмү чыгарылды, прокурорлор 5 иш боюнча айыптоодон баш тартты

Бир жылда 90 актоо өкүмү чыгарылды, прокурорлор 5 иш боюнча айыптоодон баш тартты

Кыргызстанда 2025-жылы 90 адамга карата 70 кылмыш иши боюнча актоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киргенин Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Бул көрсөткүч каралган иштердин жалпы санынын 0,5%ын түзөт. Прокурорлор 8 адамга карата 5 кылмыш иши боюнча айыптоодон баш тартышты. Ошондой эле прокурорлор мыйзамсыз жана негизсиз сот актыларына каршы 664 сунуштама

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Египеттин өкмөттөрүнүн дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашуусун ратификациялаган мыйзам долбооруна кечээ кол койду.  Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтү 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандар үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп кызматкерлерге үй жаныбары ооруп калган учурда акы төлөнүүчү кыска мөөнөттүү өргүү алуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдуу түрдө бекиткенин "Извести" кабарлайт. Маалыматта белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык, кызматкерлер жылына үч күнгө чейин өргүү ала алышат. Бул үчүн ветеринардык дарыгерден үй жаныбарынын абалы оор экенин жана шашылыш кам көрүү