Балык чарбасына тоют жеткирүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасына тоют жеткирүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт

Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документтин максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун туруктуулугун сактоо, ошондой эле продукциянын сапатын жогорулатуу.

Мындан ары 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттун салык салынуучу жеткирүүлөрүнө кошумча нарк салыгынын ставкасы 0% деп белгиленди. Бул ТЭИ ТН 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609 товардык позицияларына тиешелүү. Тоют өндүрүүчү айыл чарба балыгын өстүрүү ишин жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүнүн дарегине жеткирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу

Бир жылда 90 актоо өкүмү чыгарылды, прокурорлор 5 иш боюнча айыптоодон баш тартты

Бир жылда 90 актоо өкүмү чыгарылды, прокурорлор 5 иш боюнча айыптоодон баш тартты

Кыргызстанда 2025-жылы 90 адамга карата 70 кылмыш иши боюнча актоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киргенин Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Бул көрсөткүч каралган иштердин жалпы санынын 0,5%ын түзөт. Прокурорлор 8 адамга карата 5 кылмыш иши боюнча айыптоодон баш тартышты. Ошондой эле прокурорлор мыйзамсыз жана негизсиз сот актыларына каршы 664 сунуштама

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Египеттин өкмөттөрүнүн дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашуусун ратификациялаган мыйзам долбооруна кечээ кол койду.  Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтү 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандар үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп кызматкерлерге үй жаныбары ооруп калган учурда акы төлөнүүчү кыска мөөнөттүү өргүү алуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдуу түрдө бекиткенин "Извести" кабарлайт. Маалыматта белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык, кызматкерлер жылына үч күнгө чейин өргүү ала алышат. Бул үчүн ветеринардык дарыгерден үй жаныбарынын абалы оор экенин жана шашылыш кам көрүү