Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарада ал Италия, Хорватия, Сербия, АКШ жана Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары — санкциялар жаатындагы кызматташтык жана Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу болду.


