Ш.Ташиев аны мандатынан ажыратуу укугу 24 300 шайлоочуда экенин билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев өлкөдөгү акыркы окуялар менен байланыштуу мандатынан кетүүгө даярбы деген суроого жооп берди.
"Азаттык" басылмасына берген маегинде ал мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алуу укугу жалгыз 24 300 шайлоочусуна таандык экенин белгиледи.
"Мага мандаттан баш тарт деп башка эч ким айта албайт. Башкалар, диванда жатып, каалаганын айта алышат. Мен мамлекет үчүн, өз шайлоочуларым үчүн иштейм, алардын укуктарын коргойм. Эгер ушул 24,3 миң жаран кол топтоп, мандаттан кетишимди талап кылса, мага ишенбей калышса, албетте, мен даярмын. Ал эми башка бирөө мени коркутууга аракет кылса, мен коркок эмесмин. Биз, Ташиевдер, руху күчтүү адамдарбыз", — деди депутат.