Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, ордуна Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп анын ордуна Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жанарбек Акаев Кубанычович 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.

2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 7-жана 8-чакырылыштардын депутаты болуп шайланган.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий мекемелерге финансылык көзкарандысыздык берилди

Илимий мекемелерге финансылык көзкарандысыздык берилди

2026-жылдын 6-апрелинде КРнын Президентинин №135 Жарлыгы кабыл алынып, илимий ишти реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер бекитилди. Улуттук Илимдер Академиясы тараткан маалыматка ылайык, жарлыктын натыйжасында, ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү арттырылып, илим, билим берүү жана өндүрүш тармактарынын байланышы чыңдалат. Ошондой эле илимий башкарууну оптималдаштыруу максатында бир катар мекемелерге

Кыргызстанда былтыр  1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар  козголду

Кыргызстанда былтыр 1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар козголду

2025-жылы укук коргоо органдары кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча 1 миң 359 кылмыш ишин козгогонун Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирген. Анын айтымында, бул категориядагы иштер боюнча (мурдагы жылдарды кошкондо) 1 миң 710 иштин тергөөсү аяктап, алардын

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат. Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

2025-жылы Бишкекте 4 миң 66 дарак кесилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 197,7% көп экени шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программаны жүзөгө ашыруу отчетунда айтылат. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миң 771 дарак, ал эми 2024-жылы 1 миң 366 дарак кесилген. Чиновниктердин пикиринде, бул "жашыл бак-дарактарды коопсуздукту камсыздоо жана санитардык