Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти
Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду:
- Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары;
- Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары;
- Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.