Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга карата эмгек миграциясына квота 52 миң адам болуп бекитилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы алгач квота 25 миң болуп белгиленип, кийин 42 миңге, андан соң 52 миңге чейин көбөйтүлгөн. Зарылчылык жаралса, бул көрсөткүч дагы жогорулатылышы мүмкүн.

"2025-жылы ишмердүүлүктүн түрлөрүн токтомдон алып салууну чечтик, анткени ар бир өзгөртүүдө кайрадан түзөтүү киргизүүгө туура келет. Адатта эң көп суроо-талап курулуш жана жеңил өнөр жай тармактарына болот", — деди Арлен Алиясов.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда иштөөнү каалагандардын арасында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Бөлүм башчы 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк жарандарга уруксат берүү тартиби өзгөргөнүн эске салды. Пилоттук долбоордун алкагында бардык документтер "бирдиктүү терезе" принциби аркылуу электрондук порталдан кабыл алынууда. Эмгек квотасын бөлүштүрүү жана иштөөгө уруксат берүү функциялары министрликтен  Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-июлуна чейин уланат. Эгер жыйынтыгы оң болсо, Кыргызстандын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын