Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакирович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоо макулдашы үчүн киргизилет.

Бул дайындоо өлкөдөгү суу ресурстарын, айыл чарбаны жана кайра иштетүү өнөр жайын башкарууну күчөтүү, ошондой эле тармактагы реформаларды ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

Мамлекеттик асыл тукум чарба холдинги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн 14 асыл тукум ат (англис жана орус таскак атынын породасынан ) сатып алууну пландап жатат, алга каражат 32,8 млн сомду түзөт. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкта ат чарба объектилери — аткана, манеждер, спорт

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

2025-жылдын январь — декабрь айларында Кыргызстан 139  065 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаганын Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин анализинен көрүүгө болот. Мамлекетке 2024-жылга салыштырмалуу 1 967 жеңил автоунаа аз алынып келген. Баалык эсепте импорт 38,1%га төмөндөгөн. Негизинен автоунаалар 2025-жылы төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келген: Түштүк