Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды. Холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын жогору баалап, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду менен холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети Улуттук инвестициялык фонддун ишине өзгөчө маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал кытайлык компания менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирип, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.


