Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы  2026-жыл ичинде иш-чараларды алып баруучулардын кызматын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 1,5 млн сом жумшоо пландалууда.

Техникалык тапшырмага ылайык, 2026-жылы өтө турган төмөнкү маданий иш-чараларда алып баруучулардын кызматы талап кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март);
  • Нооруз майрамы (21-март);
  • "Кызыл гвоздика" фестивалы (май);
  • "Жаш таланттар — 2026" сынагы (апрель);
  • Бишкек шаарынын күнү (29-апрель);
  • Жеңиш күнү (9-май);
  • "Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер" долбоору (май–сентябрь);
  • Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү (31-август);
  • Жаңы жылдык балатыны жагуу аземи (декабрь);
  • Жаңы жылды тосуу (31-декабрь) жана башка иш-чаралар.
Маалыматта белгиленгендей, жыл ичинде кошумча, пландан тышкаркы иш-чаралар да пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан тендерге катышуучулар мындай чыгымдарды да алдын ала карашы керек.
Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 11-мартка чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана