Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды
Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй келген.
Аныкталган фактылар:
- 2023-жылдын 28-ноябры — "Нарын" МТОсунда Dongfeng жүк ташуучу унаасы 2019-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн. Бирок VIN-кодду текшерүү анын 2016-жылы чыгарылганын тастыктаган. Жыйынтыгында 1 млн 802 миң 135 сом кошумча эсептелген.
- 2024-жылдын 12-майы — "K.G.E." ЖЧКсы беш карьердик самосвалды 2022-жылы чыгарылган деп алып кирген. Талдоо алардын 2021-жылы чыгарылганын көрсөткөн. Натыйжада 3 млн 494 миң 811 сом кошумча эсептелген.
- 2025-жылдын август–сентябрь айлары — "К.Б.Г." ЖЧКсы 13 самосвалды 2023-жылы чыгарылган деп декларациялаган. Экспертиза алардын 2020–2021-жылдары чыгарылганын аныктаган. 8 млн 93 миң 379 сом кошумча төлөм эсептелген.
- 2025-жылдын 15-декабры — "Нарын" МТОсу аркылуу "Ц.С." ЖЧКсынын дарегине Iveco автоунаалары 2020-жылы чыгарылган деп киргизилген. Соттук-эксперттик кызмат заводдон коюлган шассинин номерлери өзгөртүлгөнүн жана айрым тетиктери 2008–2010-жылдары чыгарылганын аныктаган. 2 млн 148 миң 98 сом өндүрүлгөн.
Бажы кызматы мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Бардык материалдар укуктук баа берүү үчүн Салык кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 15 млн 538 миң 423 сом өндүрүлдү.