БШК мүчөлөрү 12ден 7ге кыскарат
Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШК) курамын 12ден 7 мүчөгө чейин кыскартууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди. Документ депутаттар тобу тарабынан даярдалган.
Долбоор 2025-жылдын 30-декабрындагы президенттин мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана бюрократиялык жүктү азайтуу тууралуу жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, курамды кыскартуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, чечим кабыл алууну ылдамдатат жана республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтат.
Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, БШК курамы төмөнкүдөй тартипте түзүлөт:
- үч мүчө мамлекет башчысынын сунушу менен дайындалат;
- төрт мүчө парламент тарабынан өз демилгеси менен шайланат.
Долбоордун авторлору жаңы схема бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздап, добуштар тең болуп, чечимдердин кабыл алынбай калуу коркунучун жоёт деп эсептешет.
Түшүндүрмө катта сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык тажрыйбага негизделгени белгиленип, шайлоо органдарынын натыйжалуулугу алардын мүчөлөрүнүн көп санынан көз каранды эместиги айтылат.
Маалымат катында долбоор кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбай турганы жана социалдык же укуктук терс кесепеттерге алып келбей турганы көрсөтүлгөн.