Жапонияда билим алган 300дөн ашуун адис: JDS программасынын натыйжасы
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапониянын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча гранттык стипендиялык программасынын (JDS) Кыргыз Республикасында ишке ашырылышынын 20 жылдыгына арналган форумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Министрлер Кабинети адам капиталын өнүктүрүүнү өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык приоритети катары караарын белгилеп, JDS программасын кеңейтүүгө жана жаш мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
20 жыл ичинде программа аркылуу 300дөн ашуун кыргызстандык Жапониянын алдыңкы университеттеринде билим алды. Алар илим жана технология, экономика, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык технологиялар жана башка багыттар боюнча адистешип, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда жана илимий чөйрөдө эмгектенип жатышат.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Элчилигине, ошондой эле JICA жана JICE уюмдарына ыраазычылык билдирип, бул программа кадрдык потенциалды чыңдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле Жапониянын экономикалык өнүгүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн үлгү экенин айтып, акыркы жылдары өлкөдө жогорку экономикалык өсүш камсыздалганын маалымдады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1%ды түзүп, акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2% болду. Бул багыттагы өнүгүүнү ал "Ак илбирстин секириги" деп атады.
Министрлер Кабинетинин башчысы JDS программасы мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана кесипкөй кадрларды даярдоого багытталган маанилүү механизм экенин баса белгиледи.


