Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду.
Эдил Байсалов Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу жана чакан, орто бизнести колдоо боюнча сунуштарды айтты. Анын айтымында, өлкөдө өндүрүшкө жаңы технологияларды киргизүү, экспортко багытталган ишканаларды түзүү жана жумуш орундарын көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Линь У инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнөр жай тармагында кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууну макулдашышты.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы провинциядагы бир нече алдыңкы машина куруу ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты, - деп айтылат маалыматта.


