Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган
Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген.
Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик дарылоочулардын кабинеттери жана медицинага тиешеси бар башка объектилер текшерилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында 263 объект жабылган. Аталган клиникалардын биринде да медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия болбогону аныкталган.
“Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын жарымынан көбү ишмердүүлүгүн токтотту, ал эми бюджетке 21 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлдү", - деди Аман Осмонов.