ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш.
В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек.
Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 128.
Байланыш телефондору: 0312 43 91 16, 0312 43 91 09.