А.Касымалиев Бишкек жана Чүйдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Сапардын максаты жаңы имараттардын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгып, материалдык-техникалык маселелерди талкуулоо болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач МинКаб Төрагасы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барып, мекеменин жаңы имаратынын курулуш долбоору менен таанышты. Ал репродуктивдүү ден соолукту коргоо мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тиешелүү министрликтерге долбоордук-сметалык документтерди тез бүтүрүп, каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасын берди.
Андан соң Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барды. Бул жерде жаңы тез жардам имаратынын курулушу кечеңдеп жатканы сынга алынды. Адылбек Касымалиев курулушту 2026-жылдын июнь айына чейин толук бүтүрүү тапшырмасын берип, анын аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди.
Ошондой эле Бишкек шаардык №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасында медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен айрым бөлүмдөр толук кандуу иштебей жатканы айтылды. МинКаб төрагасы Саламаттыкты сактоо жана Финансы министрликтерине апрель айына чейин оорукананы керектүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Сапардын алкагында Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасынын иши да каралды. Бул мекемеде жыл сайын 18 миңге жакын бейтап дарыланып, 6 миңге жакын операция жана 6 миңге чейин төрөт кабыл алынат.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мекемелерге медициналык объекттердеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.





